Бишкек, "Саясат. kg". Президенттик шайлоо өтүүдө.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүүдө. Россиянын жаштар жана балдар биримдигинин Улуттук кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн байкоочу Алексей Доссон Кыргызстанда добуш берүүнүн мыкты системасы орун алганын белгиледи.
"Добуштарды саноо автоматтык түрдө болууда. Кыргызстанда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзгөн катаал мыйзам бардыгын белгилебей коюу мүмкүн эмес. Адамдарда эйфория бардыгы жана алар туруктуулукту каалашары сезилип жатат", - деди эл аралык байкоочу.