Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 244

Шайлоо участогунда аял Садыр Жапаровдун колун өпкөнгө аракет кылды 

Президенттикке талапкер жаранды токтотуп, кырдаалга күлүп койду

Шайлоо тилкелеринин биринде бир аял Кыргызстандын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун колун өпкүсү келди.

Видео "сейчас.kg" телеграммалык каналына жарыяланды.

Кадрларда шайлоочу Жапаровду колдой турган сөздөрүн айтканы, андан кийин анын колун өпкөнгө шашкандыгы көрсөтүлгөн.

Мамлекет башчынын кызмат ордуна талапкер өз кезегинде аны токтотууга аракет кылып, кырдаалга күлдү.

Булак: vesti.kg