2 саатта шайлоочулардын 2,8 пайызы добуш берди
Саат 10:00гө карата президенттик шайлоо жана референдумда 99 миң 772 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 2,8 пайызын түзөт.
Президенттик шайлоо жана референдумга катышууга жалпы 3 млн 563 миң 574 жаран катталган.
Добуш берген шайлоочулардын саны:
- Бишкек – 3,11% (12 932);
- Ош шаары – 5,76% (8705);
- Жалал-Абад облусу – 2,75% (18 353);
- Ысык-Көл облусу – 3,1% (9541);
- Нарын облусу – 2,76% (5581);
- Ош облусу – 2,89% (20 875);
- Талас облусу – 2,4% (3792);
- Чүй облусу – 2,16% (12 805);
- Баткен облусу – 2,42% (7188).
Тышкы иштер министрлиги аркылуу 49 миң 479 шайлоочу катталган, учурда маалыматтар такталууда, деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Булак: Баракелде