Шайлоого карата 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери жер-жерлерде иштешет
Бүгүн, 10-январда шайлоого карата 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери жер-жерлерде иштешет. Бул тууралуу 10-январда брифингде Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Акилов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мыйзам бузуу тууралуу 78 маалымат келип түшкөн. Электрондук журналда – 57 мыйзам бузуу катталган.
Учурда саат 8:00дон бери мыйзам бузуу тууралуу эч кандай маалымат түшө электигин маалымдады.
Булак: Элгезит