Бишкек, "Саясат. kg". Бүгүн, 10-январда “Саясат. kg” маалыматтык-аналитикалык порталынын көмөгү менен өлкө боюнча экзит-полл өткөрүлөт.

“Маалым болгондой, экзит-полл демократиялык процесстердин жана көптөгөн өлкөлөрдө заманбап шайлоо кампаниясынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинет. Биз шайлоонун расмий жыйынтыгы чындыкка туура келээрине жана добуштардын бөлүнүшү шайлоочулардын талапкерлерге болгон реалдуу мамилесин чагылдыраарына ынангыбыз келет. Биз өлкөнүн жарандык милдетин аткарган ар бир бешинчи жашоочусун сурамжылоого алууну пландап жатабыз. Бул бизге шайлоо жыйынтыгынын объективдүү картинасын алууга жардам берет. Талапка ылайык, сурамжылоо шайлоочу добуш берип бүткөндөн кийин жүргүзүлөт. Бардык шайлоочуларды добуш бергенден кийин биздин кызматкерлерге жолукканда чоочулабоого жана жанына барып, иликтөөбүз үчүн бир нече мүнөтүн бөлүп коюуга чакырабыз”, - деп белгилешти  “Саясат. kg”  маалыматтык-аналитикалык порталынын расмий өкүлдөрү.

Белгиленгендей, өлкө боюнча 2465 шайлоо участокторунан 243ү добуш берүүдөн кийин сурамжылоо жүргүзүүгө тандалып алынган. Шайлоо участоктору бир катар факторлордун негизинде тандалды, алар: мурдагы шайлоолордогу добуш берүүдөгү өзгөчөлүк, аймак (2 чоң шаар, 7 облус), шайлоочулардын саны жана аймактын тиби (шаардык, айылдык).

Биздин адистер эки суроо беришет:

  1. “Кандай башкаруу формасын тандайсыз?”
  2. “Кайсы талапкерге добуш бердиңиз?”

Жалпысынан сурамжылоо жүргүзүүгө 486 интервьер тартылат. Тандалып алынган аймактарда эки интервьер эки мөөнөттө иштейт, бири түшкө чейин, экинчиси түштөн кийин. Алынган маалыматтардын катасы 3 пайыздан ашпайт. Белгилей кетчү маанилүү нерсе, экзит-поллду сапаттуу өткөрүүгө ушундай иликтөөлөрдү жүргүзүүдө тажрыйбасы бар адистер тартылды. Планга ылайык, шайлоо участокторундагы маалымат саат сайын жарыяланып турат.