Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 242

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоого келип, добушун берди

Бүгүн, 10-январда 8:00дө Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум башталды.

Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган. Ал эми башкаруу формасы боюнча БШКга каттоодон өткөн “макул”, “каршы” топтору да өз үгүт иштерин жүргүзүштү.

10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.
Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

-президенттик;
-парламенттик;

-баарына каршы варианттары коюлган.

 

Булак: Элгезит