Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 246

Якутиядагы №9006 шайлоо участогу башка имаратка которулат

Якутиядагы №9006 шайлоо участогу башка имаратка которулат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Россия Федерациясынын аймактарында Саха Республикасындагы (Якутия) шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча токтом кылды:

- Россия Федерациясындагы Саха Республикасынын (Якутия) аймагындагы КРнын РФдагы элчилигинин канцеляриясынын Якутск шаары, Ленин проспекти 58в имаратынан №9006 шайлоо участогу, Поярков көчөсү 4, А. Е. Кулаковский атындагы достук үйүнүн АУ РС имаратына көчүрүлсүн.

ТИМден белгилешкендей, суроолор келип чыккан учурда Якутск шаарындагы элчиликтин канцеляриясынын вице-консулу Ж.Абдыманаповго кайрылууга керек. Байланышуу маалыматтары: тел.: 8926716 06 75, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра., Якутск шаары, Ленин проспекти 58.

Булак: Кабар