Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 259

Президенттике талапкерлер үгүт иштерине 60 млн сом сарпташты

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө 59 миллион 883 миң 946 сом сарпташты. Бул тууралуу БШКда 7-январда өткөн көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жыйынында белгилүү болду.

Талапкерлердин каржы отчеттуулугунун маалыматтары боюнча 2020-жылдын 30-декабрына карата шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары 112 млн 310 миң 964 сомду түздү, анын ичинде:

Президенттике талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу чыгашаларды жабууга 103 млн 297 миң 087 сом чыгымдалды, анын ичинде:

17 талапкер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттарды пайдалануу менен өз шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо. 12 талапкер «РСК Банк» жана 5 талапкер «Айыл Банк» банкта атайын эсептерин ачышты.

Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.

Булак: Маралфм