Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 380

Үмүт жандаган жолугушуулар.

15-декабрь күнү касиеттүү Талас жеринде, Манас атабыздын күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталган президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кербени өлкөбүздүн бүтүндөй аймагын кыдырып чыкты. Ар бир жолугушууга кылкылдаган эл чогулуп, Садыр Жапаровдун эл арасындагы колдоосу канчалык экенин көрсөтүп койду.

Көлдө болобу, Ош, Баткенде болобу жолугушуулар өткөн стадиондорго, борбордук аянттарга эл чын көңүлү менен майрамдык маанайда агылып келип жатты. Бардык жерде талапкерди “Садырлаган” ураан менен тосуп алып, “Садыр Президент” деген ураан менен узатып жатышты.

Жолугушууларда элди түйшөлткөн коррупцияга каршы күрөш, тышкы карыз, экономикалык каатчылык сыяктуу жалпы көйгөйлөр көтөрүлүп, Садыр Жапаровдун салмактуу, ишенимдүү жооптору элдин эртеңкиге болгон ишенимин, жакшы жашоого болгон үмүттөрүн жандандырып турду. Садыр Жапаров адамкерчиликтин эң бийик чеги болгон жөнөкөйлүгү менен да чогулган элдин жүрөгүн ээлеп алды. Ар бири менен бир туугандай баарлашып, көйгөйлөрүн угуп гана тим болбостон, ар бир айтылганды жаздырып, чогулттуруп жатты. Президент болуп шайланып калса, элге жүзүн бурган, элдин үнүн уккан элдик президент болоорун убада кылып, ар жуманын ар бир ишембисин элди кабыл алуу күнү кылаарын жар салды.

10-январь - өлкөбүздүн тагдыры, эртеңки келечегибиз чечиле турган күн. Дал ошол күнү ар бирибиз жарандык милдетибизди аткарып, жаңыланган Кыргызстан, татыктуу келечек, жоопкерчиликтүү бийлик үчүн добушубузду берели, урматтуу кыргызстандыктар!  

“Мейли менин жакындарым болобу, же досум Ташиевдин жакындары, туугандары болобу, коррупцияга аралашкан болсо, сөзсүз камалат. Уурдагандарын кайтарат”

“Жетим-Тоону иштетүү боюнча мамлекеттик ишкана түзүлөт. Жаңы жумушчу орундары пайда болот. Бир дагы чет элдиктердин кийлигишүүсү жок, өзүбүз иштеткен, өз жарандарыбыз иштеген ири ишкана болот”.

“Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек. Мындан кийин кен иштеткен компаниялар кайсы бир топтун эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт”.

“Курултай институтун ишке киргизүүнү эл 10 жылдан бери талап кылып келген. Мурдагы бийликтер курултай органын киргизгиси келген эмес. Анткени, алар элдин алдында отчёт бергинди каалашпайт. Эгер мен жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, анда мен дагы Курултайга каршы чыкмакмын”.

“Мен президенттин жана депутаттардын кол тийбестигинин алынышына макулмун”.

“Биздин аткаминерлердин ачкөздүгүнөн, сугалактыгынан жана акмакчылыгынан канчалаган долбоорлор ойрон болгонун сиз элестете да албайсыз!”.

“Өлкөбүздүн бюджетин кантип көбөйтөбүз? Мен президенттин милдетин аткаруучу болуп бир айдай эле убакыт иштедим. Ынанганым, аппаратты, өкмөттү тындырбай иштетиш керек экен. Ошондо жыйынтык болот”.

“Чындык, акыйкаттык дегенде тикесинен тик турган, элдин кызыкчылыгын барынан жогору койгон, жашоосун өзгөртүүгө умтулган адамдар - Кыргызстандын эң башкы байлыгы. Дал ушул адамдык ресурстарыбыз бардык прогрессивдүү процесстердин кыймылдаткыч күчү болушу керек”.

“Адамдар мамлекет үчүн эмес, мамлекет адамдар үчүн болушу керек”.

“Сөз эркиндиги менен ЖМКны ооздуктоо деген болбош керек. Бул биз сактап жана коргоп кала турган эркиндик. Биздин маалымат каражаттары бийликтин каталарын, бул же тигил атка минерлер көз жуумп койгон же чечкенден оолактаган көйгөйлөрдү көрсөтүп турса дейм. ЖМК – бул бийлик менен коомдун ортосундагы көпүрө. Бул баарыбызга пайда гана алып келет!”.

КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!
 

САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

№1 ҮЧҮН!

Кененирээк www.zhaparov.kg сайтынан окуңуздар

Булак: "Майдан. kg" гезити

Аткаруучу: "Майдан.kg" гезити.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 2010. Өндүрүлгөн күнү: 06.01.2021-ж