Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 265

Бишкек, "Саясат. kg". Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, жаштарга өзгөчө көңүл бураарын, жаштар өлкөнүн негизги күчү экенин баса белгиледи.    

Кыргызстандын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров 4-январда Бишкек шаарында жаштар менен жолукту. Аталган жолугушууга илим-билимде, ишкерликте, туристтик багытта жана башка бир топ тармактарда өлкөгө пайда алып келип жаткан жалындуу жаштар катышып, Садыр Жапаров  менен ачык форматта кеңири маектешти.

Алар Садыр Жапаровго мамлекетти өнүктүрүү боюнча өзүлөрүнүн маанилүү долбоорлорун сунушташты.  Ошондой эле жолугушууга чет өлкөлөрдө эмгектенип, окуп жана иштеп жүргөн айрым жаштар дагы онлайн шартында катышуу менен бирге суроо узатып – жооп ала алышты. Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, жаштарга өзгөчө көңүл бураарын, жаштар өлкөнүн негизги күчү экенин баса белгиледи.

Айкөкүл Маматова, Түркия мамлекети, Стамбул шаары, магистрант:

Садыр Жапаров, КРнын Президенттигине талапкер:

Бирок иш билген кадрлар көп болушу керек. Менин тууганым эле, кудам эле деген түшүнүк болбойт. Биз бул көрүнүшкө толук бөгөт коёбуз. Айылдагы кетмен чапкан дыйкандын уул-кызы болобу же акимдин баласы болобу, айтор кимиси болбосун мамлекеттик сынактын негизинде тандалып ишке орношот. Сынак ачык, калыс өткөрүлөт. Бул биздин негизги принциптерибиздин бири болуп эсептелет. Буга чейин бардык министрликтерде, облусттук админстрацияларда, Жогорку Кеңеште, анын аппаратында жалаң депутаттардын тааныштары иштеп алышкан.

Кадрдык реформа болжол менен апрель, май айларында башталат. Анткени жаңы Конститутция кабыл алынып, жаңы мыйзамдар менен реформа жасайбыз. Жаңы структуралар түзүлөт. Баардыгын өзгөртөбүз. Мамлекеттик кызматта 3 же 5 жыл иштебеген жаран сынакка катыша албайт деген норма бар. Бул норманы карап чыгабыз.  Окууну бүткөн таланттуу, ишке жөндөмдүү, билимдүү кадр эмнеге сынакка катыша албашы керек. Бул жагдай эске алынат. Албетте, эмгек акынын аздыгы маселе жаратат. Көрүп атасыздар, мамлекетибиздин акыбалы оор. Казынада акча жок. Эми жаштар туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ишке алынган соң аз айлык менен болсо да иштеп турсаңыздар, бир эки жылдын ичинде казынабызга акча толот. Биз ага күнү-түнү иштеп аракет кылабыз. Казынабызда акча көбөйсө, анан албетте, айлык акы көбөйөт, пенсия, пособиени көбөйтөбүз. Казынада акча көбөйсө, айлык акы, пенсия, пособиени бир эмес,  үч эсе жогорулатсак болот. Учурдан пайдаланып, чет өлкөдө жашап-иштеп жүрөн билимдүү жаштарга кайрылат элем. Келип ишке орношуңуздар. Айлык акынын аздыгына карабай, мамлекет үчүн иштеп берсеңиздер. Кыргызстаныбызды чогуу өнүктүрөлү!

Эрлан Токолов, Москва шаары, Ашкана фабрикасы, ашпозчу: 

Садыр Жапаров, КРнын Президенттигине талапкер:

Максат Талантбек уулу, Түштүк Корея мамлекети, Сеул шаарынын жашоочусу:

Садыр Нургожоевич, Кыргызстанга инвестор тартуу үчүн биринчи кезекте өлкөгө туруктуулук, мыйзамдуулук керек. Мен буга чейин инвесторлорду Кыргызстанга алып баргам. Бирок чиновниктердин жеке кызыкчылыктарынан улам, инвесторлор иштешүүдөн баш тартышкан. Түштүк Кореяда инвестор болчулар көп. Бирок алар Кыргызстанга ишенишпейт. Сиз туруктуулукту камсыздап, өлкөгө мыйзамдуулукту орнотсоңуз?

Садыр Жапаров, КРнын Президенттигине талапкер:

Аткаруучу: "Саясат.kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 05.01.2021-ж