Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 218

Бүгүн каттоону алмаштыруунун акыркы күнү

29-декабрь – катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш бериш үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

2-форма жокко чыгарылгандыгына байланыштуу каттоо эсеби жаранды тигил же бул шайлоо участогуна киргизүүнүн критерийи болуп саналат.

Калкты тейлөө борборлору жана Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү 2020-жылдын 31-декабрына чейин (кошо алганда) саат 9:00дөн 20:00гө чейин дем алышсыз иштээрин БШК эске салат.

Булак: reporter.kg