Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 428

Бишкек, "Саясат. kg". Садыр Жапаров бул маселени чечүү боюнча конкреттүү пландары бар экенин, экономиканы көмүскөдөн ачыкка чыгаруу менен бир топ маселени чечүүгө болоорун айтты.

Садыр Жапаровго шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда эл тарабынан эң көп берилген суроолор  өлкөдөгү экономикалык каатчылык көйгөйү болду. Садыр Жапаров бул маселени чечүү боюнча конкреттүү пландары бар экенин, экономиканы көмүскөдөн ачыкка чыгаруу менен бир топ маселени чечүүгө болоорун айтты. Чынында эле ал жарыялаган “экономикалык мунапыс” жараяны аз убакыт ичинде өз жемишин бере баштаганын билебиз.   

Ооба, Кыргызстандын экономикасы учурда жетээр жерине жетип, кызыл чектин учунда турат. Чечкиндүү кадамдар менен олуттуу реформалар жасалбаса, өлкө келечеги туңгуюкка кептелди. Мамлекетти мите курттай ичтен жеп жаткан көрүнүш бул - көмүскө экономика. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча биздеги көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 24 пайызын түзөт. А чыныгы абал андан да алда канча кейиштүү. Эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүндө Кыргызстандагы көмүскө экономика ИДПнын 40 пайызынан ашат. Бул деген - жалпы ички дүң продуктубуз 8 млрд. доллардын тегереги болсо, анын дээрлик жарымы көмүскө айланып жүрөт дегенди түшүндүрөт. Көмүскө эмес, көрүнөө иш кылганыбызда мугалим, врачтарыбыз айылыгын, пенсионерлер пенсиясын жок эле дегенде азыркыдан 2 эсеге көп алышмак. Бажыдагы декларацияланбаган миллиондор, конверт менен өзүнчө айлык берилген кош бухгалтерия тилекке каршы кадимки эле көрүнүшкө айланып калганына көп болду. Европада, АКШда андай кыйтыр иштерге мыйзам катуу бөгөт коет. Салыгын жашырганы, кирешесин азайтып көрсөткөнү билинсе, ал жакта атактуу ырчы, чоң кызматтагы чиновник жемыкты спортчу экениңе карабайт. Олчойгон айыпты төлөтүп туруп, камап коет. Ошол себептен ал жактын салык төлөө маданияты өтө жогорку деңгээлде. Ошондуктан алар канча жылдан бери өнүгүүнүн үстүндө. Көмүскө экономиканы түп орду менен жок кылбасак дагы, жарым жартылай жылыш жасоо үчүн эмне кылуу керек? Бул боюнча белгилүү экономист Кубанычбек Идинов оюн ортого салган.

 Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткарып турган учурда журналисттер менен болгон баарлашуусунда экономикалык амнистиядан пайдаланууну каалаган, өз каалоосу менен мамлекет бюджетине көмүскө акчаларын бурууга макул болгондордун саны көп экендигин билдирген. Элдин эсебинен байып, кайсы бийлик келсе да тилин таап, көздөрүн май басып жүргөндөргө «эч кандай сүйлөшүү болбойт» деген чечкиндүү сөзүн да айтты.Дароо эле экономикалык мунапыс жарыялап, 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүү, тоо кен  ж.б. тармактарда коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге, мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен  мыйзамсыз ээ болуп алган атка минерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берди. Мурунку президенттердин оозун майлап, өлкөбүздүн бүтүндөй бажы тармагын басып алган айтылуу Райым Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, 2 млрд. сом өлкө казынасына төкмөй болду. Учурда экономикалык мунапыстан пайдаланып, кымырган акчалар казынага кайтарыла баштады. Бир айга жакын убакыт ичинде 900 млн сомго жакын акча бюджетке кайтырылды.

Аткаруучу: "Саясат.kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 24.12.2020-ж