Бишкек, "Саясат. kg". "Устаранын мизинде оодарылган заманда жалпы эл ынтымакка келип, иш билги, тажрыйбалуу, таза инсан Садыр Жапаровго  добушунуздарды бересиздер деп терең ишенем".

Урматтуу кыргыз элим, кыргызстандыктар!

2020-жылдын 15-декабрында  президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды.

Бирок кээ бир талапкерлер жана аларды колдоочулар бири- бирин каралоо, кемсинтүү, эч бир далили жок жалган жалааларды жабуу, элди түндүк-түштүккө бөлүү аракеттерине өтүп алгандай.

Эл эч качан бөлүнүп-жарылган эмес жана мындан ары да бөлүнбөйт, алар бири-бири менен куда-сөөк, таяке-жээн болуп аралашып кеткен.

«Беш манжабыз беш башка болгон менен билегибиз бир» элбиз, мамлекетибиз күндөн күнгө алсырап, бир жагынан пандемия кыйнаса, экинчи жагынан ички, сырткы карызыбыз асман чапчып турган кезде акылман элибиз Садыр Жапаровго өтүнүч менен ишенич артты. Ошондуктан, С.Жапаров башын канжыгага байлап, бүт бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып аламанга чыкты.

Урматтуу шайлоочулар!

Устаранын мизинде оодарылган заманда жалпы эл ынтымакка келип, иш билги, тажрыйбалуу, таза инсан Садыр Жапаровго добушунуздарды бересиздер деп терең ишенем.

Урматым менен легендарлуу парламенттин депутаты, Апрель баатыры, Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу, саясый-коомдук ишмер Бекбосун Кыдыкбаев

Аткаруучу: "Саясат. kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 23.12.2020-ж