Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 315

Бишкек, "Саясат. kg". Үмүттөр, ишенимдер, нечендеген элдин, мигранттардын, келечек муундун тагдыры күтүүдө.

Ажолукка аттангандардын сап башында турган Садыр Жапаров алгачкы эл менен жолугушуусун касиеттүү Талас жеринен баштады. Талас элинин жылуу кабыл алуусу Садыр Жапаровдун татыктуу талапкер экендигин дагы бир жолу ырастады. Жолугушуу Талас шаарындагы стадиондо өткөрүлүп, ага 4 миңден ашуун адам жыйналды. Талапкер алгач өзүнүн шайоо платформасы менен тааныштырып, андан соң элдин суроолоруна шашпай, кылдат жооп берди.  Келген эл жүрөгү таза, ою тунук, эл үчүн башын канжыгага байлап, кыйынчылыкка төшүн тоскон бул жигиттен жалпы коомчулук, карапайым калк көптү үмүт кылып отурушканын жашырышкан жок.  Көрсө, ал чын эле буга чейинки басып өткөн жолунан, ачык айтып, ак иштегендигинен улам көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алган тура. Чындыгында көйгөйлүү жана олуттуу маселелерди чечүүгө саясий дагы, адамдык дагы эрки жетээрин тагдыр көрсөттү. Адилетсиз бийликтин азабын жакшы эле тартты. Андыктан чыныгы акыйкатчылыктын эмне экенин жакшы түшүнөт. Жемкорлук менен аесуз күрөшүп, аны жоготууга күчү жетет деп ойлойбуз. 

Садыр Нургожоевичти алдыда дагы алты облустун эли күтүүдө. Үмүттөр, ишенимдер, нечендеген элдин, мигранттардын, келечек муундун тагдыры күтүүдө. Садыр Жапаров үмүттү актайт!