Бир да аял жок Жогорку Кеңешти натыйжалуу, мыкты, элдин талабына жооп берген өкүлчүлүк орган деп айтууга албетте болбойт.

Болуп өткөн шайлоодон аларыбыз, үйрөнөрүбүз көп болот окшоп калды. Алардын баарын санап отурбайлы, бир гана нерсеге токтолгубуз келет.

Бир мандаттуу округдардан бир дагы аял киши шайланган жок. Бул эмнени көрсөтөт? Кыргыз эли азырынча аял кишилерди шайлаганга, артыкчылык бергенге даяр эместигин көрсөттү. Демек, азырынча Кыргызстанда партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү, аялдардын квотасын калтыруу туура экен. Эгерде толугу менен мажоритардык система менен шайлоо өткөрсөк, парламентке өңчөй эркектердин шайланып каларына ынандык. Ал эми бир да аял жок Жогорку Кеңешти натыйжалуу, мыкты, элдин талабына жооп берген өкүлчүлүк орган деп айтууга албетте болбойт. Бул өңүттөн алып карай турган болсок, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, жалпы 90 депутаттын 54үн партиялык тизме аркылуу преференциалдык негизде шайлоо туура эле болгон окшобойбу.

Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл