Оозу тынбаган вице-премьер Эдил Байсалов “ал хакердик чабуул эмес, техникалык элемсбой” деп чыкты.
Ошентип “тойдун эртеси да болот” дегендей, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды. Парламентке “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” партиялары өтүштү. Бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланды, эки округ боюнча кайра шайлоо өткөрүлөт.
Албетте, бул шайлоодо кемчиликтер да болду, БШКнын сервериндеги үзгүлтүк ар кандай имиштерди, божомол-түкшүмөлдөрдү жаратты, бирок ал техникалык мүчүлүштүк экени далилденди. Коопсуздук Кеңешинин катчысы М.Иманкулов парламенттик шайлоого ар жактардан 22 хакердик чабуул болгонун маалымдады. Оозу тынбаган вице-премьер Эдил Байсалов “ал хакердик чабуул эмес, техникалык элемсбой” деп чыкты. Ал тутанып баратканды көөлөштүрбөстөн тилин тишине баса турса деле болмок. Үйрөнгөн адат калбайт деген чын экен... Бирок, эмне дебейли, бул жолку параменттик шайлоо мурдагыларга салыштырганда баардыгынан таза, калыс шайлоо болгонун моюндоо керек. Асманда кудай турат, биз мындай салыштырмалуу таза, мыйзамдуу шайлоону башыбызга жүн чыккандан бери көргөн эмеспиз.
Бюллетендерди кол менен эсептөө да аягына чыкты. Эгерде дагы нааразылар болсо, алардын өкүлдөрүн бетме-бет отургузуп алып, дагы кайра саноо керек. Эгерде айрым участкаларда атайылап бурмалоолор, катачылыктар болсо, ага күнөөкөрлөр аёосуз жазалансын, экинчи андайды ойлобогудай болушсун, кийинкилерге сабак болсун. Шайлоонун негизинен таза, калыс өткөнүнө баары ынанышсын, эч кандай күдүктөр калбасын. “Фактыдан өткөн өжөр нерсе жок” дегендей, шайлоонун толук таза, мыйзамдуу өткөнү көзгө сайгыдай кылып көрсөтүлгөндөн кийин аны калыстар да, утулгандар да моюндарына алып, уткандарды куттуктоолору керек. Тилекке каршы, бизде айрым утулгандардын “шайлоо таза өтпөдү, таза өтсө биз уткандарга кошулат элек» деген демагогиялары адат болуп калган. Эгерде алар утушса, оркойгон бурмалоолор, каталар болсо да унчугушмак эмес, кымыңдап колдорун ушалап отурушмак. Бирок, утулушса эле эски ырларын баштап, кескин талаптарды коюп чыгышат. Алар негизинен өздөрүнүн саясый ресурстарын алда качан түгөтүп, коомчулукту баардык жагынан жадатып бүткөн адамдар. Эгерде кайра шайлоо өткөрүлсө, алар баягы эле 2-3 пайыздык добуштарын алышат да, дагы кайра шайлоону талап кылышат. Алардын ойлоруна койсо, көгөрө баштаган көчүктөрүн төшөктөн көтөрө албай калгыча, кайра шайлоону талап кыла бергени турушат. Бирок, анткидей Кыргызстан Текебаевдин же Исаковдун, же эр албаган айрым айымдардын менчигиндеги, же барымтасындагы тамарка эмес. Алардын мындан аркы демагогияларына эл деле чыдабай тургандыгын айрым окуялар да көрсөтүүдө. Шайлоонун баардык жыйынтыктары чыгарылып, талданып, тастыкталып, күдүк калбагандан кийин деле айрымдар жулкунуп, опузалап, омуроолоп, экстремисттик нерселерге чакыра бере турган болсо, бийлик аларга карата катаал чараларды көрүүсү зарыл. Бийликтин эң башкы милдети - элдин тынчтыгын, коопсуздугун камсыз кылуу. Ачык эле айталы, эл он беш жылдан бери тыйылбаган перманенттик ызы-чуулардан, сүрүшүп, тирешүүлөрдөн жадады. Алардын айынан экономикабыз, социалдык чөйрөбүз орду толгус жоготууларга дуушар болду. Эми жомоктун арты да болот дегендей, аларга сөзсүз чек коюлушу керек, бийлик өзүнүн катаал сүрүн, айбатын көрсөтүүсү зарыл.
Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл