Бүгүнкү шайлоодо, мамлекетибиздин жалпы аймагында “баарына каршы” деген талапкер, үгүттөө иши жок эле тең тайлашып чыкты, эки райондон алдыга озуп чыкты.

- Бүгүнкү шайлоодо, көпчүлүк элдин жаңыланууга болгон каалоосу жок экендиги билинди. Мага добуш берген элимдин үмүтү, ишеними мен үчүн, өтпөсөм да чоң жоопкерчилик! Кудайым буюрса, жаңыланууга акырындап барабыз, жаңылануу дагы да алдыда. Мамлектибиздин келечеги, элибиздин жашоосу, ынтымагы, тынччылыгы үчүн талыкпай колдон келген ишибизди аткарып, жакшы ой-тилектер менен, үмүт менен умтула берем.

Бүгүнкү шайлоодо, мамлекетибиздин жалпы аймагында “баарына каршы” деген талапкер, үгүттөө иши жок эле тең тайлашып чыкты, эки райондон алдыга озуп чыкты. Бул эмнени билдирет, бул элдин саясатка болгон жийиркенүүсүн, ишенбестигин билдирет. Мен үчүн эң өкүнүчтүүсү - дал ушул кырдаал, элим эски тартиптен, системадан чарчаптыр, эч бир саясатчыга, жаңысына, карысына, иштеп жүргөнүнө, иштебей жаңы келгенине, айтор баарына ишеними жок экен.

Түшүнөм, анткени мен өзүм дал элимдин көпчүлүгүндөй эч кимге ишенбейм, ишенгенден чарчагам, ошондуктан эч бир лидерлерге байланбай өзүм жалгыз чыккам.

Бирок, жашоо уланышы керек, мамлекеттүүлүктү сактап калышыбыз керек, эртеңки күндү ойлошубуз керек! Баарына каршы болуп, ишеним көрсөтпөй жүрүү оңой, жеңил, бирок пайдасы да жок. Андан көрө аракеттенип өнүгүү, өзгөрүү жагына багыт алалык.

Жаңылануу дагы да уланууда…

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл