Элибиз абдан акылдуу, талдап, тандап туруп өзүнө керектүү депутаттарды шайлап алды.
- Биринчиден, шайлоо таза, ачык, айкын өттү. Экинчиден, административдик ресурс колдонулган жок. Үчүнчүдөн, сабыр кылып туралы. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн булуң бурчунда дагы добуштар кол санактан өткөндөн кийин гана негизги жыйынтыгы чыгат. Себеби, АСУ - бул техника. Техника бузулуп калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан көп мамлекеттерде кол санактан кийин гана негизги жыйынтык чыгат. Партиянын өкүлдөрү келип, кол санакка жардам берип жатканы туура. Кудай буюрса, элибиздин ою абдан жакшы. Бардык жерлерде таза шайлоо боюнча жогорку бааларды берип жатышат. Быйылкыдай шайлоо эч качан болбогонун, бардык партияларга бирдей шарттар түзүлгөнүн эл да сезип, региондордон аксакалдар, жаштар чыгып, быйылкы өткөн шайлоону колдоого алып жатышат.
Элибиз абдан акылдуу, талдап, тандап туруп өзүнө керектүү депутаттарды шайлап алды. Буюрса, эми экономиканы көтөрүүгө салымыбызды кошушубуз керек. Шайлоодон шайлоого чейин жашабастан, экономиканы көтөрүп, социалдык туруктуу мамлекетти түзүшүбүз керек. Пенсионерлердин пенсиясын жогорулатып, социалдык төлөмдөрдү көтөрүп, Кыргызстанды бакубат мамлекетке айландырышыбыз керек. Кыргызстанды өнүктүрүү биздин ыйык милдетибиз. Аны ар бирибиз сезишибиз керек.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл