Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 403

Айрымдар шайлоодон шек санап, элдин оюн башкага бурууга аракет кылып, өлкөнү артка тартууга аракет кылып жатышат.

- Үгүт учурунда, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы “шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо да, биз тааныйбыз”- дегенбиз. Анткени, биз элдин добушуна, элдин үнүнө каршы чыкпайбыз. 
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыкты. Мен партиянын жана өзүмдүн атымдан шайлоону “таза өттү” деп кесе айта алам. Бул жолку парламенттик шайлоодо эч кандай административдик ресурс колдонулган жок. Эл өзүнүн тандоосун жасады. Биз элдин тандоосуна каршы чыкпайбыз.  
Айрымдар шайлоодон шек санап, элдин оюн башкага бурууга аракет кылып, өлкөнү артка тартууга аракет кылып жатышат. Кандай болгон күндө да миллиондогон шайлоочулардын укугу тебеленбеши керек. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен саналгандан кийин чыгат. Добуштар кандай чыкса да, биз шайлоону таза өттү деп тааныйбыз.  
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин партияны колдоп добуш берген бардык шайлоочуларга, элибизге терең ыраазычылык билдирем. Биз өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кызмат кылабыз. Бизге эч кандай митингдердин, же болбосо тополоңдун кереги жок. Анткени, өлкө баарыбызга кымбат. Биз  баарыбыз биригип, мамлекетибиздин келечеги үчүн жумуш жасашыбыз керек. Мен бардык саясатчыларды ынтымакка чакырып кетет элем. Эгер чындап мамлекетибизди сүйсөңөр. Чындап Кыргызстан өнүксүн десеңер биригели. Мамлекетти алдыга карай сүрөйлү.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл