Бишкек, "Саясат. kg". Ошондуктан, туура тандоо жасаш керек!

Бүгүн, 24-ноябрда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы Сузак районунун шайлоочулары менен жолугушту. Анда лидер Айбек Маткеримов бир катар маселелерди көтөрүп, анын чечүү жолдорун айтты.

“Буга чейин мамлекеттик жооптуу кызматта отурган айрым аткаминерлердин шалаакылыгынан, өз милдетине жоопкерчилик менен карай албагандыгынан өлкөбүз ушундай абалга келип кептелди. Ар бир адам өзүнүн кызматына жоопкерчиликтүү мамиле жасаса, депутаттар сабаттуу, эл кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды жазышса, ар бир аткаминер эл үчүн иштесе, азыркыдай акыбалга келбейт болчубуз. Ошондуктан, туура тандоо жасаш керек!

Азыр ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден мигрант бар. Ата-энелер алыстагы балдарынан санаасы тынбай, түнү уйку көрүшпөсө, наристелер ата-эненин мээримине зар болуп чоңойушууда. Алардын бала жүрөгүн эрте күндөн куса ээледи. Кантип бала менен ата-энени ажыратпай, үй-бүлө баалуулугун башкы орунга чыгарууга болот?! Ал үчүн сырттан келген инвестициянын жолун торобой, мүмкүнчүлүк берип, ишкана, заводдорду ачууга шарт түзүшүбүз керек. Ал үчүн мыкты мыйзамдар керек! Биздин партия ушул милдетти өзүбүзгө алабыз! Анан дагы сырт жакта жүргөн мигранттардын укугун коргоо боюнча мыйзамдарды жазабыз. Бөтөн жерде иштеп, өлкөнү сырттан багып жаткан мекендештерибизге жок дегенде укугун коргоп, жардам берели!

Азыр көбү мигранттардын маселесин көтөрүшүүдө. Мурда да көтөрүшкөн. Бирок барчу жагына барып алгандан кийин аны унутта калтырышты. Анткени, алар миграциянын азап менен тозогун билишпейт. Алар жөн гана угушкан, көрүшкөн эмес. А мен өзүм да мигрант болуп келгем. Мигранттардын кыйынчылыгын өзүм аралашып көргөм, өзүм аркылуу өткөргөм! Ошондуктан, мен жана биздин партия мигранттардын маселесине терең карай алабыз!” – деди Айбек Маткеримов.

Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят, люди сидят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и дорога)Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и на открытом воздухе)«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  24-ноябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).