Бишкек, "Саясат. kg". Ал кесиби дарыгер болгондуктан, медицина жаатындагы көйгөйлөр менен көп жылдан бери бет келишип, жүрөгүн оорутуп келатканын белгиледи.
Медицина тармагынын начарлашы ага жетиштүү көңүл бурулбай келгендин кесепети болууда. Экономиканы көтөрүш үчүн жумуш күчү керек, жумуш күчү болушу үчүн калктын саламаттыгы чың болушу зарыл. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Кара-Көл шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди.
Ал кесиби дарыгер болгондуктан, медицина жаатындагы көйгөйлөр менен көп жылдан бери бет келишип, жүрөгүн оорутуп келатканын белгиледи.
“Медицина тармагына көңүл бурулбагандыктан күн сайын артка кетип жатат. Анткени, биз шайлаган адамдар парламентке баргандан кийин элдин кызыкчылыгындагы мыйзамдарды жазуунун ордуна өздөрүн ойлошту. Кээ биринин мыйзам жазууга акылы жетпеди, башка өлкөнүн мыйзамдарын көчүрүштү. А андай мыйзамдар биздин шартыбызда теңирден тескери жыйынтыгын берди. Ар бир көйгөй, чечилбей келген маселенин учугу туура эмес тандоо, туура эмес шайлоого келип такалууда. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды сактап калуу үчүн жапа тырмак киришип, бир адамдай болуп татыктууларды иргеп тандап алышыбыз керек. Арам жол менен тапкан акчасын чачып, добуш сатып алам дегендерге алданбайлы! Бүгүн добуш сатып алган адам эртең элди да сатат. Сиз менен биздин ырыскыбызды жеп, мамлекетти тоноп байыгандардын акчасына “Жок!” деген жоопту берели!” – деди Маткеримов.
Ошондой эле, ал билим берүү жаатындагы көйгөйлөргө токтолду.
“Билим берүү жаатыбыз да чеке жылытаарлык эмес. Балдарыбызга терең билим бере албай калдык. Мугалимдердин айлыгы аз, шарты жок. Эртең менен жумушка кетип баратканда, үйүндөгү баласынын курсагы тойбой турса, иштеп тапкан акчасы үй-бүлөсүн багууга жетпей жатса, сабак учурунда тиричилик көйгөйлөрү этектеп турса, ал мугалим кантип билимди балага сиңире алат? Кантип жандили менен берилип терең билим бере алат? А биз аны ойлобой жатабыз. Миң сомго алданып, балдарыбыздын келечегин акчага алмаштырып келдик. Эми андай жаман адаттарыбызды токтотолу! “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы реалдуу кадамдарга барат, биз өлкө келечеги үчүн иштейбиз!” – деди Айбек Маткеримов.




«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 21-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).