Бишкек, "Саясат. kg". Ал карапайым элдин колдоосуна таянып депутаттыкка ат салышып жатканын белгиледи.
Баарыбыздын бир гана ата-журтубуз бар. Ал – Кыргызстан! Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов бүгүн, 19-ноябрда Сузак районунун Түрк-Абад айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Ал карапайым элдин колдоосуна таянып депутаттыкка ат салышып жатканын белгиледи.
“Карапайым үй-бүлөдөн чыккан адамды карапайым эл колдойт деп ишенгеним үчүн аламан жарышка аттандым. Башкалар байлыгына ишенип баратышса, мен элдин колдоосуна таяндым. Баарыбыздын бир гана ата-журтубуз бар, ал – Кыргызстан. Өлкөбүз баарыбыз үчүн ыйык. Аны сакташыбыз керек! Ошондуктан, 28-ноябрда туура тандоо жасап, мекенибиз үчүн канын-жанын аябагандарды шайлап алалы!” – деди ал.
Ошондой эле, ал куру убада бербей турганын, шайлоо алдында “ай-күндү алып берем” деп, шайлоодон кийин караанын таптырбай кеткен айрым талапкерлердей болбостугун белгиледи.
“Мен билимимди, акылымды, керек болсо ден соолугумду эл кызматына арнайм!” – деди Маткеримов.