Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 218

Бишкек, "Саясат. kg". Ал ар бир жаранды өз тандоосуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

Эл жөн гана шайлабашы керек, эл биринчи кимдин ниети, аткара турган планы, алдына койгон максаты кандай экенин талдап көрүп, тандоосу зарыл. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Токтогул районунун тургундары менен жолугушуусунда талапкер Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал ар бир жаранды өз тандоосуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

“Ар бир талапкерге, партияга кылдат мамиле жасаңыздар. Кимдер баратат, алардын ой-максаты кандай, кайсы идеяны көтөрүшүүдө, келечекке көз караштары кандай, сырткы саясатты, ички саясатты кандай жүргүзүшөт – баарын талдаңыздар. Кимдин колунан айткандарын аткаруу келет, ким кооз сүйлөп убадасын берип туруп, парламентке жеткенден кийин өз тиричилигин кылаарын буга чейинки жасаган иш аракеттери аркылуу баалаңыздар.

Мына, азыр суунун башында туруп, энергетикалык кризиске илинип калдык. “Камбар-Ата -1” ГЭСин курмайынча, Токтогул ГЭСин толтура албайбыз. “Камбар-Ата-1ди” куруп алсак, кышы менен Токтогул, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Шамалды-Сай ГЭСтерин иштетип, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздайбыз. Аны жасоо колубуздан келет, сиздер бизди колдоп бериңиздер!” – деди Төрөбаев.

Ошондой эле, Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланып, коом таза, жаш муун билимдүү, калк саламаттыгы чың болушу керектигин, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын бардык план-максаты так ушуга багытталганын белгиледи.

Возможно, это изображение (8 человек, люди стоят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (6 человек и люди стоят)Возможно, это изображение (3 человека, люди сидят и люди стоят)Возможно, это изображение (один или несколько человек и люди стоят) 

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  15-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).