Бишкек, "Саясат. kg". Ал жалалабаддыктарга “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына болгон туруктуу колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.
Элдин талабы менен мамлекеттин өнүгүшү үчүн “Өнүгүү - Прогресс” партиясы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына кошулуп, шайлоого аттанды. Элдин кызыкчылыгы жогору турганда амбицияга орун жок. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Жалал-Абад шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусунда талапкер Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал жалалабаддыктарга “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына болгон туруктуу колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, жаңы Конституция боюнча Курултай институту киргизилгенин, ага ылайык, мындан ары президенттен баштап айыл өкмөт башчыларына чейин элге отчет берип тураарын белгиледи.
“Сиздер ар бир аткаминердин ишмердүүлүгүнө баа берип туруңуздар. Ал аткаминердин кызмат даражасынан чоочулабай, чындык пикириңиздерди тайманбай айтыңыздар. Баарыңыздар билгендей, жаңы заман келди. Андагы коррупция менен күрөшүү өз жемишин берип, 7,5 миллиард сом казынага которулду. Биздин гидропотенциалыбыз абдан жогору, ага таянып алдыда энергетикалык кризисти жеңебиз. Өсүп бараткан бааларды калыбына келтиребиз. Тышкы карыздан кутулабыз. Мына, Кумтөрдөн 26 жыл ичинде 84 миллион доллар түшкөн болсо, акыркы эки айда 90 миллион доллар түштү. Демек, сырткы карыздан кутулуу мүмкүнчүлүгүбүз жаралды. Биз карызы жок, эч кимге көз каранды эмес өнүккөн өлкөгө айланышыбыз керек!” – деди Бакыт Төрөбаев.
Андан ары Бакыт Төрөбаев партиянын программасында интеграция, туризм, инвестицияга басым жасалганын, анын негизинде Жалал-Абад аймагына жакын жайгашкан Фергана өрөөнүнүн калкы Кыргызстанга турист катары келишине шарттар каралганын айтты.
“Статистика боюнча, жыл сайын Кыргызстанга 5 миллион чет элдиктер кирет экен. Анын 70 пайызы Өзбекстандын жарандары. Ошондуктан, Бек-Абад постун ачып, коңшу мамлекет менен мамилени жандантуу керек. Атабеков, Ырыс, Барпы айыл өкмөттөрү конок тосо турган аймак болушу керек. Конок үйлөр, отелдер, ресторандар ачылышы зарыл. Жалал-Абад шаары маданияттын, бизнестин борбору болсо, Сузак айылын шаарга айлантабыз! Ага ылайык бүт инфраструктураны курабыз. Көгарт өрөөнүнө көп кабаттуу үйлөрдү, кооз имараттарды куруп, шаарга айлантуу ниетибиз бар. Ушунун баарын ишке ашыруу үчүн бизге биринчи кезекте туруктуулук керек! Туруктуулук, тартип, мыйзамдуулук орногондо гана мамлекетибиз өнүгөт”, - деди Бакыт Төрөбаев.
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 13-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).