Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 141

Бишкек, "Саясат. kg". Маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жөнөтүлдү. 

Сузак №13 бир мандаттуу округунун талапкери Юлия Лилиенталь Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Ал "Ишеним" партиясынын №23 талапкери Шерзодбек Умарбеков үгүт иштерине айылдык кеңештин депутаттарын жана айыл өкмөт башчысын тартып жатканын айткан. 

Арыз эси белгилегендей, Умарбеков менен айылдык кеңештин депутаттары "Ишеним" партиясынын логотиби түшүрүлгөн жилет жана бейсболкаларды кийип алып, партиянын гезитин колдоруна кармап үгүт иштерине катышып жаткандагы сүрөтү бар. 

Юлия Лиленталь административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу фактысын текшерүүнү жана Шерзодбек Умарбековдун аракетине баа берүүнү суранган. Маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жөнөтүлдү.