Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 134

Бишкек, "Саясат. kg". “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы элдин ишенимине жана таза добушуна таянат.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясы элдин ишенимине жана таза добушуна таянат. Бул тууралуу партиянын Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 7-ноябрда болгон жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди.

Ал “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын эл үчүн аткара турган иштерине жана элдин ишенимине токтолду.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын урааны – Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда, жасай турган иштерибиз 7 багытка бөлүнгөн. Анда коомдун бардык көйгөйлөрү камтылган, биз туруктуу өнүгүүгө жол баштадык. Биздин партия жергиликтүү шайлоодо 21 шаардык кеңешке ат салышып, 17 шаарда жеңүүчү болду. Бул элдин бизге болгон ишеними күчтүүлүгүн билдирет. Мындан ары да, элдин ишенимин актап, эл үчүн ак кызматыбызды кыла беребиз”, - деди Айбек Маткеримов.

Ал кыргызстандыктар 28-ноябрда мамлекеттин тагдырын чечүүгө добуш берээрин белгиледи:

“Бизде туура эмес жазылып, туура эмес иштеп жаткан мыйзамдар көп. Анын бири – жөлөкпул. Балалуу үй-бүлөлөр ал үйдө пенсия алган карылар болсо, жөлөкпул ала алышпайт. Ошондо, аталар-апаларыбыз балдарын камсыздап, бакканы аз келгенсип, неберелерин да каржылашы керекпи?! Алардын өзүнүн максаты, жашоосу бар эмеспи! Бул мыйзамды иретке келтириш керек! Жогорку Кеңешке барып калсак, сабаттуу, эл пайдасына иштеген мыйзамдарды жазууга да, анын аткарылышын көзөмөлгө алууга да билим, акыл-эс, тажрыйбабыз жетиштүү!”

Лидер калкка бул сапар чоң мүмкүнчүлүк берилгенине жана аны туура пайдалануу ар бир шайлоочунун колунда экенине токтолду:

“Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча шайлоочу партияга гана эмес, анын талапкерине да добуш берет. Мурдагыдай партияны шайласа, анын арты менен талапкерлер өтүп кетишпейт. Бул элдин мамлекеттин тагдырын чечүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатты. Мурдагы мыйзамдын айынан көп жыл бою депутаттыкка жалаң акчалуулар шайланышты. Мен сыяктуу карапайым элдин арасынан чыккан адамдардын Жогорку Кеңешке барууга мүмкүнчүлүгү аз эле. А азыр мен, карапайым үй-бүлөдо чоңойуп, карапайым жашоо кечирген сиздердин уулуңуздар шайлоого аттандым. Мен элдин көйгөйүн, жашоо-турмушун ичинен, жон терим аркылуу өткөрүп билем. Андыктан, эл өкүлү болуу менен ошол көйгөйлөрдү чечүүнү максат кылдым. Биздин максатыбыздын аткарылышына, мекен үчүн иштеп беришибизге ишеним көрсөтүңүздөр. Ак ишенимди ак кызмат менен актайбыз!”

Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят, на открытом воздухе и текст «ATA кыр маткеримов айбек»)Возможно, это изображение (5 человек и люди стоят)Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и на открытом воздухе)

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  8-ноябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).