Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 424

Бишкек, "Саясат. kg". Кубанычбек Кадыров элди түйшөлткөн көйгөйлөрдү чечүүгө “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын так программасы бардыгын белгиледи.

 «Ата – Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери Кубанычбек Кадыров кичи мекени Балыкчы шаарынын жана Кароол-Дөбө айылынын тургундары менен жолугушту. Анда эл көйгөйлөрүн көтөрүп, Кубанычбек Кадыров депутат болуп калса, ушул маселелерди чечип берээрине ишеним артышты.

“Бүгүнкү күндө өлкөдө абал оор, пандемиянын айынан экономикалык, социалдык абалыбыз өтө оор болуп жатат. Азык-түлүк да кымбаттоодо. Бирок кыргыз эли эч убакта ачка болдук деп революцияга чыккан эмес. Президент бул жаатта туура кадамдарды жасап, акыбалды жайгаштырууга аракет кылууда. Биз ага жардам беришибиз керек”, - деди талапкер.

Балыкчы шаарынын тургундары транспорт жана таза суу көйгөйүн айтышты. Алар белгилегендей, шаарда түнкүсүн жарык жок, коомдук транспорттор кечинде токтоп калышат. Бул мектеп окуучуларына ыңгайсыздык жаратып жатат.

“Балдарыбыз мектептен тараган мезгилде караңгы кирип калат. Шаарда жарык болбогондуктан, балдарыбыздын коопсуздугу коркунучта калды. Үйгө аман-эсен жетсе экен деп тиленебиз”, - дешти тургундар.

Кубанычбек Кадыров элди түйшөлткөн көйгөйлөрдү чечүүгө “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын так программасы бардыгын белгиледи.

“Мен бардык маселеден кабардармын, таза суу, транспорт, окуучулардын коопсуздугу – баары менин көңүлүмдө. Сиздер колдоп депутат болуп калсам, гранттык каражаттарды тартып, коомдук транспорт маселесин чечүүнү колго алам. Таза суу да чечилет. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын, анын катарындагы мени, №10 – талапкерди колдоп берсеңиздер, сиздерди эч убакта уят кылбайм деп сөз берем”, - деди Кубанычбек Кадыров.

Шаар жана айыл тургундары Кубанычбек Кадыровго ак батасын беришип, ак жол каалап узатышты.

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  7-ноябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).