Бишкек, "Саясат. kg". Пандемия Кыргызстандагы медицина тармагынын чыныгы абалын, деңгээлин ачык көрсөттү.

Пандемия Кыргызстандагы медицина тармагынын чыныгы абалын, деңгээлин ачык көрсөттү. Бул тармакка жетиштүү көңүл бурулбаганынын кесепети канча деген адамдын өмүрүн алып кетүү менен коштолду. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын бүгүн, 5-ноябрда Сузак районунун шайлоочулары менен жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди.

“Биздин партия 7 багыт менен баратабыз. Эң негизгилери – саясий, социалдык, экономикалык туруктуулук. Туруктуулук болгон жерде өнүгүү болот. Кайсы бир максатты ишке ашырыш үчүн убакыт керек. Мына ушундай көбүбүз чыдамсыздык кылып жатабыз. Биз ар кыйынчылык болсо, нары-бери секирип жиберебиз, сабырдуулук карманбай калдык. Чыдамкайлык туруктуулукка жетелейт, а туруктуулук мамлекетибизди өнүгүүгө баштайт. Ушуну ар бирибиз түшүнүшүбүз керек”, - деди лидер.

Шайлоочулар берген суроолор ар кайсы маселеге багытталды. Арасынан бири медицина көйгөйлөрүнө токтолду.

“Айбек иним, сиз саясий кадамыңызды жаңы баштап жатасыз, ачык, түз жол каалайм. Депутат болуп калсаңыз, медицина жаатына кандай көңүл бурасыз? Учурда жеке менчик дарыканалар көп, дары-дармектердин баасы кымбат. Ар бир аймакка мамлекеттик бир – эки дарыкана ачып коюшса, карапайым калк үчүн бир топ жеңилдик болмок”, - деди шайлоочу.

Буга Айбек Маткеримов көйгөйдүн баары шайлоолордогу туура эмес тандоодон улам келип чыгып жатканын белгилеп, жооп берди.

“Мен медицина жаатынын маселелерин 16 жылдан бери аралашып жүрүп, жакшы билем. Пандемия биздин медицинанын деңгээлин, чыныгы абалын ачык көрсөтүп койду. Эмне себептен ушундай акыбалга кептелдик? Ошол тармактын адиси катары же башка тармактын өкүлү болсо да эл кептелген маселелерди терең билген, өз пикирин тайманбай кесе айта ала турган депутаттын жоктугу себеп болду. Эл өкүлү элдин үнүн тиешелүү органдарга жеткирет. Алдыдагы шайлоодо билимдүү, тажрыйбалуу, таза талапкерлерден куралган партияларга добуш берсек, акырындык менен ар бир көйгөй чечилет”, - деди Айбек Маткеримов.

Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и на открытом воздухе) 

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  5-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).