Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 366

Бишкек, "Саясат. kg". Талапкер карылар үйүнө белек-бечкек жеткирген. 

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп жаткан Кубанычбек Мамыров 1-октябрь, карылар күнүндө "Күн шооласы" деп аталган карылар үйүнө белек-бечкегин көтөрүп баргандагы сүрөтү соцтармактарга жарыяланган болчу. Ал жакка Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, "Кемин Ынтымагы" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен барганы айтылган.

Буга байланыштуу айрымдар талапкер алдын ала азык-түлүк таратып, бата алууга аракеттенип,  "Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу" боюнча шайлоо мыйзамдарын жана  КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси бузганн айтылууда.

Бирок сүрөттөрдү соцтармактарга жүктөгөн Зумрият Резаханова сүрөттөр 2020-жылы тартылганын билдирди. Талапкер суранбаса деле өзү аны колдогусу келгендиктен чыгарган. 

Азык-түлүк таратып, добуш сатып алууда делген талапкер комментарий берди

Азык-түлүк таратып, добуш сатып алууда делген талапкер комментарий берди

Азык-түлүк таратып, добуш сатып алууда делген талапкер комментарий берди