Бишкек, "Саясат. kg". Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна тийиштүү маселелерди көтөрдү.
Туруктуулуктун биринчи белгиси коопсуздук. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын программасында коопсуздукка да негизги басым жасалган. Бул тууралуу аталган партиянын бүгүн, 1-ноябрда Кант шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусунда талапкер Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ал белгилегендей, партиянын программасында коопсуздук маселесине басым жасалган. Кыргыз армиясын күчтөндүрүү жана чек араны бекемдөө зарыл.
Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна тийиштүү маселелерди көтөрдү:
“Быйыл суугат суу жетишпей, дыйкандарыбыз кыйынчылыкка кептелип калышты. Суу жетишпесе түшүм ойдогудай болбошу маалым, бул жагынан дыйкандар чыгаша тартты. Баарын түшүнүп турабыз. Ошондуктан, быйыл бюджетке киргизип, Чүй бооруна үч суу сактагычын куруу башталды. Суу болсун. Суу болбосо түшүм болбойт, түшүм болбосо киреше болбойт, киреше болбосо үй-бүлөлөрдүн муктаждыгы көбөйөт. Суу маселеси бул аймакта орчундуу болуп турат, аягына чейин жетип, маселени чечүүгө сөз беребиз!” – деди Бакыт Төрөбаев.
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 1-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).