Бишкек, "Саясат. kg". Ошондой эле, коррупция менен күрөштү колдой турганын белгиледи.
“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын программасы Ата -Журт Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда деп аталат. Партия туруктуулук жана өнүгүү деген ураан менен шайлоого аттанды. Бул тууралуу партиянын лидери Айбек Маткеримов бүгүн, 1-ноябрда Кант шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.
“Программабыз 7 багыттан турат, мен алардын негизгилерине токтоло кетейин. Биздин максат – билимдүү жана дени сак эл менен өнүккөн өлкөнү куруу! Билимдүү жаштарды тарбиялаганда гана ийгиликке жетишебиз! Билим болбосо спорт, медицина жана башка бардык тармактар өнүкпөйт, тармактар өнүкпөсө экономика алдыга жылбайт. Бардык тармак билимге көз каранды. Бир улуттук идеологияны карманып, балдарыбызга бала бакчадагы курагынан тартып сиңиришибиз керек. Мына ошондо, өлкө келечегине туура салым кошкон болобуз”, - деди Айбек Маткеримов.
Ошондой эле, коррупция менен күрөштү колдой турганын белгиледи:
“Акыркы учурда коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатканына баарыбыз күбөбүз. Биздин элибизге Алла Таалам кооз жер менен кошо түгөнбөгөн байлыкты берген окшойт, коррупционерлер 30 жыл кемирсе да бир былк этпей турат. Биз коррупцияга каршыбыз!”
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 1-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).