Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 489

Бишкек, "Саясат. kg". Биздин партиянын урааны – тарыхты эстемейинче, келечекке кадам ташташ кыйын.

Кыргыз эли эч убакта ачкачылыктан, же өзүнүн кандайдыр бир тиричилик муктаждыгынын айынан революция жасаган эмес. Кыргыз эли акыйкатсыздыкка туруштук бере албаганы үчүн, акыйкаттуулук издеп революция жасаган! Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Кант шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусунда, партия лидери Айбек Маткеримов айтты. 

“Мен ойлойм, мындан ары биз көчөгө чыгып революция жасабайбыз, биз ар бирибиз өз жүрөгүбүзгө революция жасайбыз! Ал үчүн 28-ноябрда, шайлоодо элге кызмат кыла турган партияны, туура талапкерди тандап алышыбыз керек! Ошондо, мамлекеттин өнүгүүсүнө чыныгы салым кошкон болобуз! 

Биздин партиянын урааны – тарыхты эстемейинче, келечекке кадам ташташ кыйын. Бизге чейинки кээ бир саясатчылар кетирген катачылыктарды, ал катачылыктар мамлекет үчүн кандай баага тете болгонун ар дайым эстеп, алардын жаңылыштыктарын кайталабаш, жол бербеш үчүн тарыхты көкүрөккө бек сакташыбыз керек! 

Мен сиздерге ишенем, баарыңыздардын тилегиңиздер Кыргызстанды өнүккөн өлкө катары көрүүгө, балдарыңыздардын жаркын жашоодо жашашына арналып турат. Ар бириңиздердин балаңыздар, неберелериңиздер бар. Шайлоо күнү добуш берип жатканда ошол балдарыңыздарды көз алдыңыздарга келтирип: “Буларга кандай жашоо тартуулайын деп жатам, болбогон акчага алардын келечегин сатамбы же туура тандоо жүргүзөйүнбү?” – деген суроону өзүңүздөргө бериңиздер! Ошондо, туура тандоо жасайсыздар, таза шайлоо болот! Биз айрым талапкерлер үйрөнгөн адат калбайт дегендей, мурдагыдай эле акчанын күчү менен депутат болууга умтулуп жатышканын угуп атабыз. Бирок аларды жамандабайбыз, биз программабыз, ак тилегибиз, таза ниетибиз менен сиздердин ак добушуңуздарды алып, ак кызмат кылып беребиз!” – деди Айбек Маткеримов.

Возможно, это изображение (3 человека и люди стоят)Возможно, это изображение (8 человек, люди стоят и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (9 человек и люди стоят)

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  1-ноябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).