Шайлоо-2021
Кыргызстанда ѳткѳн шайлоолордо сырттагы мигранттар ошол ѳлкѳлѳрдѳ добуштарын берип келишет. Ѳткѳн шайлоолордо Россиядагы мигранттардын 10 миңге жакыны ѳз добуштарын беришкен.
Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиевдин айтымында, Россиядагы 70 миң 756 кыргыз жараны Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматтарында каттоого турушкан.
Албетте, Россия жергесинде жүз миңдеген жарандарыбыз иштеп жүрүшкѳндѳ, жогорудагы кѳрсѳткүч ѳтѳ эле аз. Тилекке каршы, мигранттардын добуш берүүлѳрү үчүн түзүлгѳн шарттардын түзүлгѳнүнѳ карабай алардын кѳпчүлүгү жарандык милдеттерин аткарбай, добуштарын бербей келишет. ЖК депутаттары мигранттардын шайлоодогу активдүүлүктѳрүн жогорулатуу үчүн Россия менен Казакстанда мүмкүн болушунча шайлоо участокторунун санын кѳбѳйтүү зарылдыгын белгилешти.
Булак: “Майдан. kg” гезити