Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 169

Бишкек, "Саясат. kg". Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 244 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү.

2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 244 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде:

- 152 (жүз элүү эки жалпыга маалымдоо каражаты);
- 92 (токсон эки) интернет-басылма.

Чечим Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү жөнүндө сунушун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 22-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

-Теле көрсөтүү 
-Радио 
-Басма басылмалары
-Интернет-басылмалар