Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 426

Бишкек, “Саясат. kg”. Жаштар да көйгөйлүү, орчундуу, жалпы мамлекеттин эртеңкисине байланышкан суроолорун беришти.

Кечээ Садыр Жапаров Талас облусундагы стадиондо миңдеген шайлоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Дал ошол жолугушуудан кийин таластык жаштар Садыр Жапаровду тегеректеп, дагы да баарлашууну улантууну суранышты. Токтогулга болгон сапарын бир-эки саатка жылдырууга макул болуп, пландан тышкары, бейформал жолугушуу ошол тегеректеги эле кафелердин бирине уюштура калышты.

Талапкер алгач таластык жаштарга өзүнүн платформасы боюнча азыноолак түшүндүрүп, биринчи кезекте жасалчу иштери, негизги кадамдары тууралуу айтып берди. Жаштар да көйгөйлүү, орчундуу, жалпы мамлекеттин эртеңкисине байланышкан суроолорун беришип, Садыр Жапаров менен бир туугандай, ээн-эркин баарлашып, элдик лидердин элдик иштеринде көмөкчү болорун, бутуна бут, колуна кол болуп, мамлекетти көтөрүүгө, жардам берүүгө даяр экенин бир ооздон айтышты. Садыр Жапаров жаштарга мамлекеттик башкарууну жаңылоо тууралуу айтып, мамлекеттик кызматтарга эми тааныш-билиштик, акчанын күчү менен эмес, билими, тазалыгы башкы орунга чыгаарын айтты. Мындан тышкары, экономикалык өнүгүү, коррупцияга каршы күрөш, билим берүүнүн келечеги сыяктуу орчундуу суроо-жооптор болду. Жылуу маанайдагы бул жолугушуудан соң Садыр Жапаров кийинки жолугушуусуна сапар тартты.

Аткаруучу: "Саясат.kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиева.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 16.12.2020-ж