Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 489

Бишкек, “Саясат.kg”. Мелис Аспековдун биздин партияга эч кандай тийешеси жок жана ага партиянын атынан сүйлөө укугу берилген эмес. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирет.

Эске салсак, мындан жарым саат мурда өзүн “Мекенчил” партиясынын өкүлү катары тааныштырган Мелис Аспеков аттуу жаран бүгүн “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан митингге барып, аталган партияны “Жогорку Кеңешке баары бир бийлик өткөзбөйт, андыктан Ташиев саат 14.00дө митингге келип катышат”- деп билдирген.

Ошого байлыныштуу, “Мекенчил” саясий партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов төмөнкүлөрдү билдирди: “Парламенттик жарыштын жыйынтыгы толук чыга элек. Бардык участкалардагы добуштар эсептелип, бюллетендерди кол менен саноо процесси аяктап, жарыштын толук жыйынтыгы чыкмайынча биз комментарий бере албайбыз. Ал эми Аспековдун сөздөрүн чагым катары кароо керек. Анын биздин партияга тийешеси жок, “Мекенчилдин” атынан мындай чечимдер тууралуу бир гана лидерибиз Камчыбек Ташиев жасай алат. Сабыр кылып туруңуздар. Провокацияга алдырбаңыздар. Биздин билдирүү жакынкы убакта таркатылат!”,