Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 281

Бишкек, "Саясат. kg". Ташиев  шайлоо жыйынтыгы боюнча пикирин жарыялады. 

"Урматтуу Мекенчилдер, шайлоочуларым!

4-октябрда  өлкөбүздө болуп өткөн шайлоо таза эмес өткөндүгүнө күбө болдуңуздар!

Бирок акыркы алдын ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгы  бүгүн 5-октябрда  чыгат деп күтөбүз.

Мен аягына чейин турамын, сиздер да туруңуздар, биз жеңебиз буюрса!" - деп жазды Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, БШКнын болжолдуу жыйынтыгы боюнча, парламентке азырынча төрт партия өткөнү белгилүү болду. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан".