Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 281

Бишкек, "Саясат. kg". Партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. 

"Замандаш" партиясынын өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришти. Аны менен катар оппозицияга кетишерин белгилешти. 

Партиянын лидери Жеңиш Молдокматов шайлоодо акча биринчи орунга чыкканын айтты. 

"Өлкөнүн жана элдин келечегин сатып алышты. Ошондуктан "Замандаш" шайлоо жыйынтыгын тааныбайт. Парламентке административдик ресурс колдонуп, добуш сатып алгандар келишти. Мамлекеттин келечеги коркунучта", - деди ал.