Бишкек, "Саясат. kg". Ал шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандарды митингге катышууга чакырды. 

Бүгүн, 5-октябрда "Ата Мекен" жана "Республика" партиялары саат 14.00дө Бишкектеги опера жана балет театрынын жанына митинг өткөрөт. Бул тууралуу "Республиканын" лидери Мирлан Жээнчороев билдирди. 

Ал шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бардык жарандарды митингге катышууга чакырды.

Ал эми "Ата Мекендин" лидери Жанар Акаев ыпылас ыкмалар менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгиледи. 

"Бул парламенттик шайлоо кандай ыпылас болуп, бир гана олигархтар менен криминалдар өткөнүн баарыбыз көрдүк. Биз бардык шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандарды митингге катышууга чакырабыз. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышыбыз керек", - деди ал. 

Белгилей кетсек, БШКнын болжолдуу маалыматы боюнча 7%дан ашуун добуш алган төрт партия парламентке өттү. Алар:  "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан".