Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 284

Добуш берүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүп баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, шайлоого 3 млн 523 миң 554 шайлоочунун ичинен 1 млн 604 миң 562 адам катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 45,54 пайызын түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 23:20да башталган маалымат жыйында тааныштырды.

23:20га карата жыйынтык

Булак: Баракелде