Бишкек, "Саясат. kg". Шайлоо мына ушундай ыплас өттү.

Калыс Ордо жаңы конушундагы  №1249 шайлоо участкасында Нурбек Атагелдиев "Биримдик" партиясынан келгендер  акча таратып жатканын видеого тартып алган. Муну байкап калган "Биримдиктин" "чоң муштумдары" телефонду жулуп алып көздөн кайым болушкан.  Милицияга арыздангандан майнап чыккан эмес. Акыры бир сааттын ичинде телефон кайтарылып берилген. Бирок ичиндеги видеолор өчүрүлгөн. Бул боюнча №1249 участкасындагы комиссия акт түзүүдөн баш тартты.  Шайлоо мына ушундай ыплас өттү.

Кылыч Шанаев