Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 176

Кыргызстандын аймагындагы шайлоо тилкелери саат 20:00дө эшигин жапты.

Шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү имараттын ичиндеги жарандар добуш берип бүткөндөн кийин жыйынтыкты чыгарууга киришет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 22:00дө шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгарыла турганын билдирген.

Бул жолку шайлоого 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоочулардын жалпы тизмесине Кыргызстандын 3 млн 523 миң 532 жараны кирген. Парламенттик шайлоого карата Кыргызстандын аймактарында 2462, чет өлкөлөрдө 45 шайлоо тилкеси түзүлдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы саат 18:00гө карата Кыргызстанда 594 миң 802 шайлоочу добуш бергенин билдирген. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 45,26 пайызын түзөт.

Ал эми 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо жалпы 2 761 297 шайлоочу катталып, алардын ичинен 1 630 125 жаран же 59,03 пайызы добуш берүүгө катышкан.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо жалпы 3 025 770 шайлоочу катталып, алардын ичинен 1 697 868 жаран же шайлоочулардын 56,32 пайызы добуш берүүгө катышкан.

Булак: Баракелде