Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 156

Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагындагы №9013 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы жарыяланды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Аталган аймак менен Кыргызстандын ортосундагы убакытта 5 саат айырмачылык бар. Мындан улам, Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды.
Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 330 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 127си «Бүтүн Кыргызстанга» добуш беришкен. Ошондой эле, «Мекенчил» — 27, «Ыйман Нуру» — 15, «Ата Мекен» жана «Чоң Казат» партияларына 14 добуш берилген. Калган партиялар төрттөн кем добуш алган.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны  — 3 млн 465 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 45и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

Булак: Маралфм