Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 129

Россиянын Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларындагы шайлоо бүттү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Южно-Сахалинскте шайлоо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3:00дө башталып, саат 15:00дө жыйынтыкталды. Ал эми Владивостокто Бишкек убактысы боюнча саат 4:00дө башталган шайлоо саат 16:00дө бүттү. Бул шаарлардагы шайлоонун жыйынтыгы саат 20:00дөн кийин айтылат.

Жалпысынан чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде Кыргызстандын 32 миң 602 жараны катталган. Саат 16:00гө карата алардын ичинен 5283 шайлоочу добуш берди.

Булак: Баракелде