Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 143

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп отурушкан саясий партиялардын өкүлдөрүн участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы чыгарып жиберген.

Бул тууралуу алар «Азаттыктын» Оштогу кабарчыларына даттанышкан. Журналист Эрнист Нурматов төрайымдан анын себебин сураганы кирүүгө аракет кылганда, эшик тоскон милиция кызматкерлери аны түртүп, имаратка киргизбей коюшкан. Кабарчы менен оператордун алар шайлоо жараянын чагылдырууга толук укугу бар экенин, милиция мындай аракети менен кызмат абалынан ашыкча пайдаланып жатышканын эскерткенден кийин, төрайым журналисттерди кабыл алууга макул болгон.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы шайлоого көз салып турган саясий партиялардын өкүлдөрү улам чыр чыгара бергенине байланыштуу алар участоктон чыгарып жибергенин «Азаттыкка» билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүнкү күнү шайлоо участокторунда тартипке көз салып турган милиция кызматкерлери участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчиси кабыл алган чечимдерге ылайык, журналисттерди имаратка киргизбей коюуга укугу бар экенин «Азаттыкка» билдирди.

Ошто Kloop.kg сайтынын кабарчысына да милиция кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ош ШИИБ бул маалыматты четке кагып, милиционер анын телефонун гана алып койгонун, түшүндүрүү иштеринен кийин кайтарып бергенин маалымдады.

«Азаттыктын» кабарчысына асылып, кол салуу аракети бүгүн Таласта да катталды. «Азаттык» радиосунун «Youtube» менен «Фейсбуктагы» шайлоону чагылдырган түз эфири учурунда Таластагы шайлоону чагылдырып жүргөн кабарчы Айгерим Акылбековага шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү күтүп жаткан шайлоочу кол салды. Ал камераны чаап, видео тартпоону талап кылды. Окуя Талас шаарындагы №6108 участогунда болду. Бул окуяны жергиликтүү милиция иликтөөдө.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. Добуш берүү күнүндө Кыргызстанда 2430 шайлоо участогу ачылды. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва шаарында 1, Ош шаарында 10 кошумча добушканалар иштеп жатат. 

Булак: Азаттык