Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 141

Анын айтымында, шайлоого караганда, элдин саламаттыгы маанилүү.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 4-октябрдагы брифингде “кызыл зонада” иштеген жана обсервациядагы медициналык кызматкерлерден шайлоого катышпоону өтүндү.

Анын айтымында, шайлоого караганда, элдин саламаттыгы маанилүү.

“Элдин саламаттыгы шайлоо иштерине караганда жогору турат. Ошондуктан “кызыл зонадагы” же обсервациядагы медициналык кызматкерлерден шайлоого катышпоону өтүнөт элем. Анткени алар коронавирус менен ооруган адамдар менен контакта болушкан”, - деди министр.

Кыргызстанда акыркы суткада 244 адамдан коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 47428ди түздү. 


 Булак: media-center.kg