Бишкек, "Саясат. kg". Лидер шайлоо участогуна барып, добуш берди. 

"Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Медициналык академияда жайгашкан шайлоо участогуна келип, добуш берди. 

Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо мыйзам бузууларсыз,  ачык, так, адилет өтөөрүнө үмүттөнүп жатканын айтты. 

"Айрым шайлоо участокторунда анча-мынча уруш-талаш болуп жатканы белгилүү болду. Элдин каалоосуна койбосо, мажбурлоо ыкмалары пайдаланылса, бул жакшылык менен бүтпөйт. Элге койсо өзү билет кайсы партия татыктуу экенин, кайсы партия элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоорун, ошого жараша тандап алат. Ага болбой, мыйзамдан чыккан ыкмаларды колдонууну улантышса, эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле, ал "Мекенчил" саясий партиясы элдин колдоосуна ээ болооруна ишенерин белгиледи.

"Анткени, биз башка партиялар, саясий уюмдарга окшоп мыйзам бузуу жолдору менен добуш топтоого аракеттенбедик. Биз элге программабызды жеткирүү максатында, ар бир жаран акылы менен тандоо жасайт деген үмүт менен Кыргызстанды түрө кыдырып чыктык. Шайлоо таза өтпөсө, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, чоң чатакка барышыбыз мүмкүн", - деди лидер.