Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 133

Күндүн биринчи жарымында Талас шаардык добушканаларда узун кезек пайда болду.

Талас облусу боюнча 4-октябрь эртең мененки саат 10го чейин 10 миңден ашык шайлоочу парламенттин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берди. Төрт районду жана Талас шаарын кошкондо жалпы шайлоочулардын саны 149 миңден ашат.

Күндүн биринчи жарымында Талас шаардык добушканаларда узун кезек пайда болду. Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын 7 миңден ашыгы Талас шаарынын он участогунда каттоого турган.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда.

Булак: Азаттык