Бишкек, "Саясат. kg". Премьер-министр добуш берди. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги №1105 шайлоо участогунда добуш берди. Андан кийин Кыргызстандаы 2 401 шайлоо участогу пандемиянын шарттарына толугу менен даярдалганын билдирди. 

Айтымында, бир дагы аймакта чоң маселелер же техникалык мүчүлүштүктөр жок. 

"Бүгүн ачык-айкын шайлоо өтөөрүнө ишенем. Элге кызмат кылган партиялар келсин, баары тынч, калыс жана ачык -айкын болооруна үмүт кылам. Башкысы, жеңилген жана жеңген партиялар шайлоо жыйынтыгын тааный билсин", - деди Кубатбек Боронов. 

Ал эми "кайсы партияга добуш бердиңиз?"-деген суроого ачык жооп бербеди, жөн гана ал партия элге кызмат кылаарына ишенээрин белгиледи.