Бишкек, "Саясат. kg". Эрте добуш берүүгө келген шайлоочулар күтүп калышты. 

Төмөнкү Орок айылындагы №7406 шайлоо участогуна эрте келген шайлоочулар кире алышкан жок. Участок өз убагынан кечигип ачылды. Бул тууралуу шайлоочулар билдиришти. 

Маалыматка караганда, саат 8де жабык участоктун алдында 20 чакты адам топтолгон. Аны кийин  техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу кечирээк ачылды деп түшүндүрүшкөн. Бирок саат 9дан кийин да шайлоочулар добуш бере алышпаган. Мындан улам көпкө күтүүнү каалабагандар кете башташкан. 

Кыргызстанда 2 430, ал эми чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу бар.